Интернет айдыңында Кыргыз жергесинин булуң-бурчунан тартылган сүрөттөр тарап, колдонуучулардын көңүлүн бурду.
Сүрөттөрдү туристтик фирмалардын бири баракчасына илген. Анда Кыргыз өлкөсүнүн көз жоосун алган керемет, кооз сүрөттөрү чет элдин жерлери менен салыштырылган. Сүрөттөр ким тарабынан тартылганы азырынча белгисиз.
Көптөгөн колдонуучулар чет жакка барбай эле Кыргыздын ушундай жерлерине барып эс алса болот экенин баса белгилеп, аларды сактап калууга чакырышкан.