Кызыл-Ордо шаарында катуу ысыкта жергиликтүү тургун боорсокту от жакпай бышырды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, аталган шаарда мээ кайнаткан ысык орун алган. Мындай ысыкта жашоочулардын бири жерге казан коюп, ичине май куюп, боорсок бышырган. Аялдын айтымында, абанын температурасы 60 градуска жеткен. "Эч кыйынчылыксыз эле боорсок бышырса болот. Отундун дагы, газдын дагы кереги жок. Кызыл-Ордого келип, боорсок жеп кеткиле", - деген ал.
Ал эми "Gismeteo" сайты ошол күнү катуу ысык болгонун, бирок абанын температурасы 38-40 градуска жеткенин маалымдаган.