Хакасияда сүйүктүүсү үчүн кайык уурдап аны менен таңды тоскон жаранга кылмыш иши козголду

Хакасияда сүйүктүүсү үчүн кайык уурдап аны менен таңды тоскон жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Усть-Абаканда орун алган. Анда эки дос ичимдик ичип отуруп, алардын бири экинчисинин моторлуу кайыгын уурдап сүйүктүүсүнө кетип калган.
"Досу аны эмес, сүйүктүүсүн тандап кеткенине ачууланган жаран полицияга арыз жазып салган. Бул факт боюнча "уурулук" фактысы менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында кайык уурдоого шектелген жаран сүйүктүүсү менен чогуу кармалган. Ал мындай жолго барышына буга чейин сүйүктүүсүнө берген "суу үстүндө таңды чогуу тособуз" деген убадасы себеп болгонун айткан. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bek_tash
2019-06-28 13:15:12
"Кидалщик" достор көбөйүп баратат акыркы маалда.
+3
souza.j
2019-06-28 13:16:55
Койгула эми
+1
Alinur96kg
2019-06-28 17:58:13
Досум, досум деп журушуп эле «кидать « этишип кетет экен да.
0
warcaw
2019-06-28 20:19:59
Кайык бул жөн эле сынып чирип жок боло турган нерсе го, антип досун каматкан болбойт да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан