Белгилүү казак ырчысы Батырхан Шукеновдун көзү өткөндөн кийин биринчи альбому жарык көрдү

"Жулия", "Сенин кадамың" жана башка ырлары менен белгилүү болгон казак ырчысы Батырхан Шукеновдун көзү өткөндөн кийин биринчи альбому чыкты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, альбом "Осень" деп аталат.

Аталган альбомго ырчынын 8 ыры кирген. Ыр жыйнактын мобилдик версиясы дагы иштелип чыккан. Тагыраагы, ырчынын күйөрмандары жаңы альбомду Apple Music, Google Play Музыка, Яндекс.Музыка мобилдик сервистерине көчүрүп, уга алат.

Батырхан Шукенов 2015-жылдын 29-апрелинде Москва шаарында жүрөк оорусунан улам 52 жаш курагында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан