Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир нече күндөн бери тынбай жааган жаандан улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Мындан улам 2 миңден ашуун турак жай, мектеп, оорукана жана социалдык мекемелер суунун алдында калган.

Мындан сырткары, жалпы облус боюнча 10 көпүрө бузулуп, 18 айыл менен байланыш үзүлгөн. Алыскы аймактардан тик учак менен жүздөй адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы 3 күндө нөшөрлөгөн жаан токтобой турганын, мындан улам Уда, Ия, Ока жана Бирюс дарыялары нугунан чыгып кетиши мүмкүн экенин айткан. Куткаруучулар аталган дарыялардын жээктеринде жашагандардын баарын коопсуз жактарга көчүрүү зарыл экенин эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан