2019-жылдын июнь айынын соңунда дүйнөдө катуу ысык болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, окумуштуулардын жана метеорологдордун божомолунда аптап миңдеген адамдардын өлүмүнө жеткириши мүмкүн. "2003-жылы Европада катуу ысыктын кесепетинен 70 миң адам каза болгон. Былтыр жайында Германияда миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен", - дешет окумуштуулар.
"Июндун соңунда эң жогорку температура Европанын батыш жана борбор бөлүктөрүндө байкалат. Испаниянын жана Франциянын айрым аймактарында бир нече күндүн ичинде температура 40 градустан жогору болот. Францияда абанын температурасы 45 градуска жетип, улуттук рекорд болушу ыктымал. 2003-жылы 44 градус болгондо 11 миңден ашуун франциялыктар каза болгон", - деп айтылат маалыматтарда.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, июндун соңунда жана июлдун башында өлкөдө максималдуу температура 36 градуска жетет.