Лифтте камалып калган аялды суусоодон вино сактап калды

Италияда 50 жаштагы аял токтоп калган лифттин ичинде 27 саат өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аны суусоодон вино сактады. "28-июнда ал батиринен чыгып, вино салынган ящиктерди жана башка буюмдарды ташып жаткан. Бирок лифт иштебей токтоп калып, аял ичинде камалып, жардамга чакыра баштаган. Ал телефонун батирде калтырып койгон экен. Үйгө келген тазалагыч аны укпай, үйдү жыйнап кетип калган. Сыртта температура 30 градустан жогору болуп, лифттин кабинасы ысып, аял суусагандыктан вино ичкен.
Бир суткадан кийин аны куткарышты. Анын кызы апасынын телефону жооп бербей жатканынан улам куткаруучуларды чакырган. Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери аялды лифттен чыгарышты", - деп жазышат басылмалар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik929394nur
2019-06-30 18:05:24
Бул кимге кереги бар
0
forester
2019-07-01 00:22:48
Винону жарнамалап жатат. :О
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан