Сириядагы согуштан качып, сууга чөгүп каза болгон 3 жаштагы баланын окуясынын негизинде тасма тартылууда

2015-жылы Түркиянын Бодрум шаарындагы кум жээктеринин биринде сириялык Айлан аттуу баланын жансыз денеси табылган. Анда Айландын үй-бүлөсү Сириядагы согуштан качып, Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага кайык менен бет алган. Бирок кайык кырсыкка учурап, баланын жансыз денеси Түркиядагы кум жээкке чыгып калган.

Дүйнө элин чочуткан бул окуя эми тасмада чагылдырылат. Тагыраагы, түркиялык режиссёр Өмер Сарыкая жана продюсерлер Жорж Эдда, Бахаттин Өзтүрк бир нече күн мурда Бодрумда тасманын тартуу иштерин баштаган. Тасмага түрк жана Голливуддун актёр, актрисалары тартылып жатканы маалым болду.

"Мен бул окуядан кийин такыр уктай албай жүрдүм. Бассам, турсам дагы оюмдан кетпей койду. Аталган окуя жөнүндө кимдир бирөөлөр тасма тартышы керек деп ойлодум. Тасма качкындарга билдирүү иретинде болушу керек. Демек, мындай тасманы мен тартышым керек экенин түшүндүм. Суунун толкуну менен жээкке чыгып калган баланын өлүмү бүткүл дүйнө үчүн уят иш болду", - деген режиссёр Өмер Сарыкая.

Тасманын сценарийин режиссёр өзү жазган. Ошондой эле Сарыкая тасмадан түшкөн бардык каражат кайрымдуулукка жумшала турганын билдирген. "Бир дагы актёр, актриса гонорар албай роль жаратат. Алар чын жүрөгүнөн акысыз иш жасап жатат. Дүйнөлүк жылдыздардан Стивен Сигал дагы тартылып жатат", - деген режиссёр.

Тасманын бет ачары 2-сентябрда Бодрумда өтө турганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krasnoebeloe
2019-07-01 11:13:01
Кутобуз
-1
Aikaaaa
2019-07-01 12:32:16
Эмнеге европаны көздөй качышат, аравияга эмес. Анан европалыктарды каапырлар деп жаман көрүп коёбуз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан