Өзбекстандын Фергана облусундагы пенсионер жогорку окуу жайга документ таштады. Мындай маалыматты мамлекеттик тестирлөө борборунун башчысы маалымат жыйында айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жогорку окуу жайга тапшырган 72 жаштагы пенсионер 1973-жылы кооперативдик техникумду аяктаган. Арадан 46 жыл өткөндөн кийин ал билимин жогорулатуу үчүн Фергана мамлекеттик университетине, Кокон педагогикалык институтуна жана Наманган мамлекеттик университетине тапшырды. Учурда ал кайсы окуу жайда окуй турганы тактала электиги жазылат маалыматта.
2019-жылы Өзбекстанда жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын жашына чектөө коюлбай турганы айтылган. Мындан тышкары абитуриенттерге кеңири мүмкүнчүлүк түзүү максатында бир эле мезгилде 3 окуу жайга документ таштоого уруксат берилген.