Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча тергөө органдары тарабынан видеосюжеттеги фактыларды анализдеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга сурамдарды жиберүү жана керектүү документтерди алуу боюнча иштер аткарылганын билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү күндө тергөө иштерине Али Токтакуновдон жалпы 22 миллион 721 миң 312 долларына банктык документтер алынган. Бирок иликтөөдө көрсөтүлгөн негизги документтер Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына көрсөтүлгөн эмес.
"Тергөө иштеринде өлкөдөгү банктар аркылуу жүргүзүлгөн финансылык операциялар аныкталган, алар мыйзамга ылайык ачык айтылган жок. "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү" мыйзамынын 134-беренеси боюнча банктын жашыруун сыры камтылган маалыматты мыйзамсыз жарыялоо же колдонуу үчүн банк тиешелүү мамлекеттик орган жана башка жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ошого байланыштуу операциялар жүргүзүлгөн 11 банктын аталышы номерлер аркылуу жазылган.
“Банк №1” – жеке ишкер Айэркен Саймаити 2011-жылдан 2014-жыл аралыгында Оштогу филиалдан 130 төлөмдөрдү жүргүзгөн, алардын жалпы суммасы 22 миллион 496 миң 141 долларын (алардын ичинен 1 миллион 414 миң 500 сом жана 85 миллион 910 миң рубль) түзгөн. Банктык эсепти жеке жактар жана Айэркен Саймаити өзү толтуруп турган. Ошондой эле 22 миллион 496 миң 141 доллар 105 акчалай которуу аркылуу Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Латвия жана Орусияга жүргүзүлгөн. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №2" - Айэркен Саймаити 2010-жылдан 2015-жыл аралыгында 1280 төлөм ишке ашырып, жалпы сумма 368 миллион 16 миң 702 долларын түзгөн. Төлөмдөрдү Айэркен Саймаити өзү ишке ашырган. Айэркен Саймаити Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Англия, Латвия жана Нидерландыга 367 миллион 567 миң 410 доллар которгон. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №3" - Айэркен Саймаитинин 2015-жылдан 2018-жыл аралыгында 80 миллион 780 миң долларды түзгөн 52 акчалай төлөмдүн эсеби катталган. Төлөмдөрдү жеке ишкана «Wufuli Bumailiyamu» жана жеке жактар жүргүзгөн. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №4" - Айэркен Саймаити 2011-жылдан 2014-жыл аралыгында Араван филиалында 5 төлөм жүргүзүп, анын жалпы суммасы 6 миллион 538 миң 150 долларды түзгөн. Төлөмдөрдү Айэркен Саймаити өзү жүргүзгөн. 6 миллион 520 миң 150 доллар акча каражаттары Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Англия, Швейцария, АКШ жана Орусияга которулган. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №5" - Айэркен Саймаитинин атына 2014-жылы 16 төлөм катталып, анын жалпы суммасы 9 миллион 608 миң 627 долларды түзгөн. Акчалар 21 жолу Латвияга которулган. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №6" - Айэркен Саймаити 2011-жылдан 2013-жыл аралыгында 96 акча которуу жүргүзүп, анын жалпы суммасы 14 миллион 611 миң 486 миллион долларды түзгөн. 14 миллион 611 миң 486 доллар 70 жолу Кытайга которулган. Бул текстиль продукциясын ташуу үчүн келишимдик төлөмдөр болгон. Эсепти толтурууну Айэркен Саймаити өзү жүргүзгөн.
"Банк №7" - Айэркен Саймаити 2010-жылдан 2015-жыл аралыгында 78 акчалай төлөм жүргүзүп, анын жалпы суммасы 10 миллион 424 миң 184 долларды түзгөн. Эсепти толтурууну Айэркен Саймаити өзү жүргүзгөн. 10 миллион 39 миң 461 долларды 78 жолу акча которуу аркылуу Түркия, Кытай, Германия, БАЭге которулган. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №8" - Айэркен Саймаити 2014-жылы 215 акчалай төлөм жүргүзүп, анын жалпы суммасы 61 миллион 116 миң 306 долларды түзгөн. Эсепти жеке ишкана "Wufuli Bumailiyamu" жана жеке жактар толтурган. 65 миллион 589 миң 946 доллар 206 акча которуу менен Түркия, Кытай, БАЭ, Германия жана Латвияга жөнөтүлгөн. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №9" - "Абдыраз" ЖЧКсы 2014-жыл ичинде 17 акчалай төлөм жүргүзүп, анын жалпы суммасы 6 миллион 903 миң 963 долларды түзгөн. 6 миллион 860 миң 545 доллар 17 жолу акча которуу менен Түркия, Панама, Кытай, Улуу Британия, Британ-Виргин аралдары, Белиз жана Казакстанга которулган. Бул курулуш каражаттары, тетиктер жана азык-түлүктөргө келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №10" - "Wufuli Bumailiyamu" жеке ишканасы 2014-жылдан 2015-жыл аралыгында 113 акча которуу жүргүзүп, жалпы суммасы 26 миллион 434 миң 403 долларды түзгөн. Эсепти жеке ишкана "Wufuli Bumailiyamu" өзү жүргүзгөн. "Wufuli Bumailiyamu" 25 миллион 890 миң 772 долларды 104 жолу акча которуу менен Кытайга которгон. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
"Банк №11" - "Абдыраз" ЖЧКсы 2014-жылдан 2019-жыл аралыгында 301 акча которуу жүргүзүп, жалпы сумма 118 миллион 197 миң 81 долларды түзгөн. 117 миллион 726 миң 212 долларды "Абдыраз" ЖЧКсы 321 акча которуу аркылуу Түркия, Кытай, БАЭ, Германия жана Англияга которгон. Бул текстиль продукциясын жеткирүү үчүн келишимдик төлөмдөр болгон.
Жыйынтыгында жалпы эсептик счётто жеке жак жана юридикалык жактар аркылуу 2303 акчалай төлөмдөр жүргүзүлүп, анын жалпы суммасы 519 миллион 560 миң 382 долларды түзгөн. Бул суммага которууда башка валюталар кошулуп (сом, рубль, евро), конвертация жүргүзүлгөндө жалпы сумма 646 миллион 879 миң 649 долларды (ошол күндөгү Улуттук банктын курсу боюнча) түзгөн.
Бул акча каражаттары Айэркен Саймаити, "Абдыраз" ЖЧКсы жана жеке ишкана "Wufuli Bumailiyamu" эсептик счёттору аркылуу өлкөдөгү банктардан 2631 акча которуу менен башка өлкөлөргө ар түрдүү келишимдер менен (текстиль продукциясына, тетиктерге болгон келишимдик төлөмдөр жана башка) которулган.
Азыркы убакытта бул маалыматтар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүп баштады.
Ошондой эле журналисттик иликтөөдөгү банктык которуулардын документтери бар 500 миң доллар, 2017-жылдын 13-январындагы 729 миң доллар (№1 скриншот), 2016-жылдын 20-сентябрындагы 100 миң 200 доллар (№2 скриншот), 2016-жылдын 19-сентябрындагы 649 миң 500 долларлык (№3 скриншот) банктык которуулар, андан башка айтылган, бирок документи көрсөтүлгөн эмес. 160 миң долларлык акча которуу (жалпы сумма 2 миллион 338 миң 700 доллар) Айэркен Саймаити жана Wufuli Bumailiyamu аттуу жаран аркылуу "И.Матраимов атындагы фондго которулган" дегени тастыкталган жок. Бул анализдин жүрүшүндө тергөө тарабынан аныкталган.
Мындан тышкары, Wufuli Bumailiyamu аттуу жаран аталган фондго 2016-жылдын 25-августунда 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар 20 цент которгону банктык документтерден анык болду.
Мындан улам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдон журналисттик иликтөөдө айтылган бардык документтерди көрсөтүүсүн талап кылат.
Соттук өндүрүшкө чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы “Исмаил Матраимов атындагы фонд” коомдук кайрымдуулук фонддун ишмердүүлүгүн текшерип, фонд экономикалык ишмердүүлүк жүргүзбөй тургандыгын, кайрымдуулук менен алектенерин аныктады. Фонддун өлкөдөгү банктардын биринде эсептик счёту бар жана каалоочулардын өз ыктыяры менен ага акча каражаттары которулат.
Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган аталган фондго Айэркен Саймаити жана Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандан 2 миллион 338 700 доллар которулгандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2014-жылдан 2019-жыл аралыгында фондго 1 миллион 439 миң 348 доллар 50 цент жана 221 миң 600 сом которулганын аныктады.
Эсептик счётко которгон жеке жана юридикалык жактар:
- "Ж.М." 10 миң доллар;
- "М.Ч." 10 миң доллар;
- "W.B." Стамбул шаарынан 199 миң 958 доллар 20 цент;
- "D.A." Стамбул шаарынан 170 миң 588 доллар;
- "S.C.K.G." Стамбул шаарынан 139 миң 965 доллар 10 цент;
- "A.G.T.F." БАЭден 159 миң 965 доллар;
- "A.A." Өзбекстандан 499 миң 950 доллар;
- "R.J." Стамбул шаарынан 199 миң 760 доллар 20 цент;
- "P.O." Москва шаарынан 49 миң 162 доллар;
- "М.Р." 221 миң 600 сом.
Азыркы учурда соттук өндүрүшкө чейинки чогултулган бардык банктык жана бухгалтердик документтер териштирилип жатат" деп жазылат Финполдун маалыматында.
Жыйынтыктап алганда, "Азаттыктын" иликтөөсүндө Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган маалымат боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы далил тапкан жок. "Азаттык" негизги документтерди Финполго бербей жатканы белгилүү болду.
Буга чейин журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкканын айткан. Ал Айэркен Саймаитиден фондго 2 миллион 300 миң доллар которулган деген маалыматты фейк деп, Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен чет өлкөлөргө акча которуп жүргөн документтер гана анык чыкканын билдирген. Муну Финпол да тастыктады. Бирок "Азаттыктын" иликтөөсүндө белгиленгендей Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен 646 миллион долларды ЧЫГАРЫП КЕТКЕН эмес, ал акча каражатын банктар аркылуу КОТОРГОН.
Бүгүн Финпол тараткан жогорудагы пресс-релиз боюнча "Азаттык" анын бир бөлүгүн гана жарыялады. Ал эми башка жалпыга маалымдоо каражаттары пресс-релизди толугу менен берип, анда Финпол Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар акча которулганы тастыкталбаганын, бул суммага байланыштуу документтерди "Азаттык" көрсөтө электигин жазып чыгышты.