Финансылык чалгындоо кызматы: "Кыргыз мамлекетинен 700 миллион доллар чыгарылган. Матраимовдордун фонду 2 миллион доллар алган эмес"

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу аталган кызмат "Тазабек" маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, иликтөөдө акчаны Кыргыз өлкөсүнөн Айэркен Саймаити деген бирөө которгонун, каражаттардын бир бөлүгү "Абдыраз" компаниясы аркылуу чыгарылганын жана анын ээлеринин бири кайсы бир убакта Саймаити болуп турганы айтылган. "Айэркен Саймаити жана "Абдыраз" компаниясынын катышуусу менен өлкөдөн чыгарылган акчалардын көлөмү 700 миллион долларды түзгөнү тастыкталды. Саймаити акчаларды ар кандай товарлар менен кыймылсыз мүлктөр үчүн жеке ишкер катары которуп турган", - деп жазылат билдирүүдө.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы иликтөөдөгү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн фонду Саймаитинин аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2,3 миллион доллар алган деген маалыматын четке какты. Иликтөөдө Бумаилиамуну акчаларды Матраимовдорго 2015-2017-жылдары которуп турганы айтылган. "2 миллион доллардан ашуун акчаны биздин маалымат базаларыбызга ылайык, Айэркен Саймаитинин атынан “Исмаил Ата” кайрымдуулук фондуна которулганы боюнча далил табылган жок. Бирок Вуфули Бумаилиамуну тарабынан “Исмаил Ата” фондунун пайдасына 199 миң 958 доллар кайрымдуулук кайыр садагасы катары которулган", - деп жазылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан