ТИМ: "Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелгендерден Кыргыз өлкөсүнүн паспорту табылган эмес"

"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини өлтүргөн деп кармалган шектүүлөр алгачкы көрсөтмөсүндө, алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экенин айтышкан. Бирок алардын жанында далилдөөчү документ болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биздин консулдукка Түркиянын полиция кызматкерлери жогорудагыдай маалыматтарды беришкен. Учурда биз алардын жарандыгын жана документтери боюнча тактап жатабыз", - деди басма сөз кызматынан.

Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип жаткан 3 жаран Сирияга качууга аракет кылып жаткан жеринен кармалганын, алардын экөө Кыргыз жараны болгонун бир катар түрк басылмалары жазып чыгышкан.

11-ноябрда түрк басылмалары Айэркен Саймаитини Стамбул шаарындагы Фатих аймагында "Миллет-Стрит" мейманканасында белгисиз жарандар атып кетишкенин жазышкан. Оор жаракат алган Айэркен Саймаити ооруканадан жан берген. Окуя болгон жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.

12-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-11-13 17:27:24
Ахмет Кая Түркиялык бизнесмен 1990 жылдары өз бизнесин баштап жакшы деңгээлге чыга баштаганда 2000 жылдары Атамбаевдин Кыргызавтомашы жакшы иштеп турган учурда дал ушул Кая менен таанышып Түркия өлкөсүндө чогуу бизнес кыла баштаган. Ошондон тартып АША менен Каянын жылуу мамилеси ырбап 2011-жылы Атамбаев президент болгондон баштап Каянын ДЕИК ишканасы гүлдөп Атамбаевдин тышкы кеңешчиси болуп кызмат өтөй баштаган.
Бул окуянын коомго таралуусунда Матраимовдордун аты аталган менен алардын колу
+1
Globalnews
2019-11-14 07:25:05
Jaznura, аябай кызыктуу инфо экен бирок аягына чыкпай калыптыр жазып койсонуз калганын дагы ))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан