Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин күйөө баласы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөдү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин күйөө баласы Отабек Умаров жол эрежесин бузуп, айып пул төлөдү. Бул тууралуу Отабек Умаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Отабек Умаров Ташкенттеги көчөлөрдүн биринде Tesla унаасын айдап бара жатып, ылдамдыкты саатына 201 чакырымга жогорулаткан. Ошондой эле ал бир тилкеде бара жаткан унааларды ашып өткөн. Мындан улам Отабек Умаров 1 миллион 820 миң сум (болжол менен 14 миң 765 сом) өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

"Айып пулду төлөдүм. Мыйзам барына бирдей!" деген ал.

Отабек Умаров өлкө башчысынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bars88
2019-07-21 09:42:46
200 менен айдагандарды камаш керек.Озу олсо дагы эч нерсе эмес бейкуноо бироолорду сузуп олтурушот ушуга окшогондор
+14
PogbaGard
2019-07-21 09:59:15
Бизде Айыл Окмотун баласы толобойтко,
+13
taalai1008
2019-07-21 11:01:40
Жөн эле пиар го
+8
bond02
2019-07-21 11:03:16
Пиар.
+4
MES
2019-07-21 11:18:41
Иш кагаздары баары өзбекчего
А бизде орусча
+21
tihonkg
2019-07-21 11:30:01
MES,бизде орус тили экинчи тил деп кабыл алынгын законду турдо, ошон учун мигранттарыбызга такси айдаганга да жооберген, билип билбей жазыштын кереги жок
-6
Mamiev
2019-07-21 21:30:10
MES,азамат ошону байкапсын. Бизде орус тилдүү баары. Орус тили экинчи тил деп эле жатабыз жакында улуттук тил болбосо болду
+3
nazira...
2019-07-22 09:31:47
Mamiev,оба латын тамгага откону менен баары орус илинде жазышат го булар качантан бери
0
MES
2019-07-21 11:40:04
Чооң кылып кыргызча анан орусча жазса болот да
+8
Timon
2019-07-21 11:45:39
14500 сом көпко э...биздикилер ошол жактан үйрөнүптүрдааа)))
+2
anonymous
2019-07-21 13:52:40
Timon,жол эрежесинин 5 түрүн бузүп жатат
+3
aerforce
2019-07-21 12:10:13
Ошондо 15мин 2 миллион экенда [moderated]ын баары эле миллионерго анда
+5
Take_men
2019-07-21 12:27:13
Тесланын 2017~18 жылдагылары 130~200 миң доллар турат. Мирзиеев ака эч нерсе дебейби
+4
aydinnur
2019-07-21 13:18:57
Эми кайнатасы жумуштан айдап чыкса, чыныгы адилеттүү падыша десе болот..200 менен да киши айдайбы((
+4
katerina.li
2019-07-21 15:08:33
Миллион акчаны санаш деле оной эмеско.
+1
al-abu-kinesz
2019-07-21 18:28:49
Неси болсо да биздин чондорго бардык жагынан сабак бере турган болушту. Бирден жетелеп алып барып ооздоруна тукуртуп коюш эле калды
+4
Karakash
2019-07-21 22:03:27
Озбектер сумун кантип эсептээр болду экен. Мешоктоп которуп журушобу?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан