Япониянын Киото префектурасындагы анимациялык студиялардын биринде өткөн аптада өрт кырсыгы болгон. Аянты 690 чарчы метр болгон 3 кабаттуу имарат күйүп, анда 30га жакын адам жаракат алып, 34 адам каза болгон. Өрт 5 саатта өчүрүлгөн. Бул тууралуу япониялык басылмалар жазышты.
Полиция студиядан 100 метр аралыкта кылмышка шектүү адамды колго түшүрүшкөн. Өрттөн ал да күйүк алып учурда ооруканада дарыланууда. Киото полициясы аны камакка алууга ордер алганы маалым болду. Kyoto Animation студиясын өрттөөгө шектелген жаран сурак учурунда анын чыгармасын уурдап алышкандыктан ушул кадамга барганын айткан.
Ал эми анимациялык студиянын президенти шектүүнүн атын биринчи жолу укканын билдирген. Шектүү мурун чыгармачылык менен алектенгенби же жокпу полиция иликтеп жатат. Кылмышка шектүү 41 жаштагы жаран 18-июлда анимациялык студияга кирип бензинди төгүп, өрт чыгарган. Ошондой эле өзү 5 адамды өлтүргөнү маалымдалды.