АКШда Nike фирмасынын бир жуп спорттук бут кийими 437 миң 500 долларга сатылды

АКШда өткөн Sotheby's аукционунда 1972-жылы чыгарылган Nike фирмасынын спорттук бут кийимдери 437 миң 500 долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Moon Shoe спорттук бут кийимдери Nike компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 1972-жылы Мюнхенде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында спортчулардын чуркоо боюнча машыктыруучусу Билл Бауэрман тарабынан 12 жуп гана чыгарылган.

Аукцион өткөргөн Sotheby's компаниясынын билдирүүсүндө спорттук бут кийимдердин баштапкы баасы 160 миң доллар болгон. Сатып алган кардар коллекционер Майлс Надал болгон. Ал бут кийимди жеке музейине автоунаалар менен кошо коюуну пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-07-24 11:09:53
Акча табуунун жолдору коп экен да, биз да илгерки териден жасалган чокойду коюп корбойлубу.
+2
Chungyz
2019-07-24 11:45:04
Буларда ХХХХ койсон да ала берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан