Саратовдо 6 жаштагы кыз 25 иттин арасында жашап келген
Саратовдо 6 жаштагы кыз 25 иттин арасында жашап келген. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Киров районунда таштандылар чачылып, тамак-ашы жерде жаткан чоң бөлмөдөн 25 ар түрдүү породадагы ит, 2 мышык жана коён табылган. Алардын арасында 6 жаштагы кыз да жашап келген.
"Бул үй-бүлө начар шартта жашап келгени үчүн каттоодо турчу. 6 жаштагы кыз учурда тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тарабынан алынды. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда. Белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси бир нече жылдан бери уурдалган же жоголуп кеткен кымбат баалуу иттерди сатуу менен алектенип келген. Иттин баары ачка жана ооруган абалда болгон", - деп айтылат маалыматта.