Украинанын экс-президенти Петро Порошенко өлкөсүнөн чыгып кеткени айтылууда

Украинанын экс-президенти Петро Порошенко өлкөсүнөн чыгып кеткени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Порошенко маалымат каражаттарынын бирине эмгек өргүүсүнө карата Украинадан чыгарын пландап жатканын билдирген. Украиналык басылмалар экс-президент үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин жазышты.

Порошенко "салыктарды төлөөдөн баш тарткан жана "Кузня на Рыбальском" заводун сатуудан 300 миллион доллар кирешесин мыйзамдаштырган" деп шектелип, күбө катары суракка чакырылган. Петро Порошенко Украинанын 5-президенти болгон. Ал бул кызматты 2014-2019-жылдары ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.
2019-07-31 07:29:01
Куйругуң түй да кач
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан