Кытайда аквапарктагы катуу жасалма толкундан 44 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Айрымдарынын кабыргалары, бир адамдын эки буту сынып кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-июль күнү Лунцзин шаарында орун алган. Анда бассейнде өтө катуу күч менен жасалма толкун көтөрүлгөн.
"Суунун ичинде жүргөн адамдар көптөгөн жаракаттарды алган, себеби катуу толкун болгондо алар жээкке чыгып кеткен. Бассейндин кырына катуу урулуп, 2 адамдын кабыргалары, 1 адамдын эки буту жана дагы эки эс алуучу оор жаракаттарды алган. Бүгүнкү күндө 39 адам үйлөрүнө чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.