Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, аргентиналык мушкер Карлос Бальдомир 18 жылга эркинен ажыратылды. Ал өз кызына сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн деп айыпталганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мушкерди анын мурдагы жубайы сотко берип, сотто 14 күбө көрсөтмө берген. Ал эми Карлос Бальдомир сот залында отургандарга ортоңку бармагын көрсөтүп, мазактап, окуяны чагылдырган журналисттерге муштумун түйгөн.
Мушкер 2016-жылы кызына сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн деген айып менен камакка алынган. Ал эми быйыл анын иши сотто каралып, 18 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.
Карлос Бальдомир 2014-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Ал 49 жолу жеңишке жетип, 16 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 6 жолку беттеши тең чыгуу менен аяктаган.