“Учуучу адам” Франки Запата экинчи аракети менен Франциядан Англияга учуп өттү

“Учуучу адам” Франки Запата экинчи аракети менен Франция менен Англиянын ортосун учуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.

Маалыматка ылайык, ал учуучу аппараты менен Франциянын Сангат аймагынан учуп чыгып, Улуу Британиянын Сент-Маргарет Бэй шаарына келип конгон. Ал 35 чакырым аралыкты 20 мүнөттө учуп өткөн. Запатанын айтымында, учуучу аппаратынын ылдамдыгы саатына 160-170 чакырымды түзгөн.

Бул Запатанын Ла-Манштын үстүнөн учуу экинчи аракети. 25-июлда Запата белгиленген жерине жете албай сууга кулаган.

Бул канатсыз уча турган учакты Запата өзү иштеп чыккан. Запатага чет элдик инвесторлор аппаратты жасаш үчүн кызыкчылык көрсөтүлгөндөн кийин Франция бийлиги ага аталган долбоор үчүн 1 миллиондон ашык еврону грант катары берген. Бул аппарат негизи суу үстүндө учуу үчүн жасалган жана ылдамдыгы саатына 190 чакырымга чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asking-
2019-08-04 18:32:11
Мынча жакшы эл онугуудо бизчи...
+8
AykaMer
2019-08-04 19:28:59
Биздикилердин чөнтөгү тешилгенде же кекиртегиге жара чыкса гана өнүгөбүз. Болбосо өнүгүүнү түшүбүздө көрөбүз
+1
anonymous
2019-08-04 20:57:01
160 км/саат болсо 20 минутада 53 км учмак 105 км/саат учса керек 20 минутада 35 км болот.же светофор же аба жолдору тешик окшойт
+2
titanik32
2019-08-04 22:17:56
160км/саат ылдамдыкта арка моюну артта калып учуп жыгылат.90 км/саат ылдамдык менен учса ишенесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан