UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына латын америкалык бийди сахнада бийлеп жатканын чагылдырган видеосун жарыялады.
Бий сынагы Перу шаарында өткөн. 2013-жылы дагы Шевченко аталган сынакка катышып, баш байгени жеңип алган.
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко мелдештердеги жеңишинен кийин дайыма октагондо бийлөөнү салтка айлантып келе жатканы белгилүү.
Мушкер Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында америкалык Жессика Айды утканда, UFC Fight Night 156 мелдешинде америкалык Лиз Кармушту жеңгенде дагы кубанычын бий аркылуу чыгарган.