Бишкектеги Бөкөнбаев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде дарак токтоп турган Мазда үлгүсүндөгү унааны басып калды.
Окуя бүгүн, 6-августта орун алганын окуянын күбөлөрү билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган жок.
Ал эми кулап калган дарак курулуш иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн алдындагы көп жылдык бак болгон.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.