Индиянын Андхра-Прадеш штатынын 74 жаштагы Эрраматти Мангаямма аттуу жашоочусу эгиз кыздарды төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Аял жасалма уруктандыруу жолу менен төрөдү. Кесарево жолу менен төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы жакшы. Ал жашына байланыштуу эмизе албайт. Дарыгерлердин айтымында, 74 жаштагы аял ден соолугу чың болгондуктан төрөй алган", - деп жазылат маалыматта.
Мангаямма күйөөсү менен 1962-жылы баш кошушкан. Алар 57 жыл бою балалуу боло алышкан эмес. Учурда Мангаямманын жолдошу 80 жашта.