"Моя прекрасная няня" сериалынын жылдызы Анастасия Заворотнюк жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса өз алдынча дем ала албай, аппаратка туташтырылды.
Буга чейин Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги менен жабыркап жатканы тууралуу айтылган. Ал Европадан келгенден кийин ден соолугу начарлап, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.
Заворотнюк 1971-жылы Астрахань шаарында төрөлгөн. Ал "Айка", "Машенька", "Служебный роман", "Мамы" жана башка тасмаларда жана бир нече сериалдарда роль жараткан.