Алжирде президенттик шайлоо күнү белгиленди. Алжирдин убактылуу президенти Абделькадер Бенсалех жекшемби күнү теледен сүйлөгөн сөзүндө, өлкө башчысын шайлоо 2019-жылдын 12-декабрында боло тургандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, убактылуу өлкө башчы президенттик шайлоо 2019-жылдын 12-декабрында мыйзамга ылайык өтө тургандыгын баса белгиледи. Бенсалех өз сөзүндө "бул шайлоо алжир эли үчүн эң маанилүү окуя болмокчу. Ошондуктан болгон күчүбүздү жумшап, таза шайлоону уюштурабыз. Жаңы президент өлкөнүн жаркын келечегин буга чейин аталар, чоң аталар ал эми азыр биздин балдар кыялданган келечекти курууга салым кошушу керек", - деди убактылуу өлкө башчы.
Эскерте кетсек, Алжир өлкөсүндө президенттик шайлоо ушул жылдын 4-июлунда болмок, бирок белгилүү себептерден улам шайлоо күнү артка жылдырылган.