Алматыдагы поезд менен автобус сүзүшкөн кырсыкта жабыр тарткан балдар комага түштү

Кырсык 15-сентябрь күнү 19:20 чамасында Алматы-Костанай темир жолунун 2449-чакырымында "Шамалган" станциясында катталган. Поезд менен автобус сүзүшкөндөн кийин эки бала комага түштү. Бул тууралуу Алматы облусу боюнча саламаттыкты сактоо боюнча башкармалыгынан билдиришет.

"Учурда дарыгерлер баш мээсинен катуу жаракат алган эки баланын жана 33 жаштагы бир аялдын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Комага түшкөн балдардын бири 3 жашта, экинчиси 5 жашта. Азыр алар жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Абалдары азырынча өзгөрүүсүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан