17-сентябрда Ак Үйдүн алдына Баткендеги Тажикстан менен болгон чек арадагы абалга нааразы болуп, чогулган жарандарды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Онго чукул жарандар ошол эле замат кайра коё берилгендигин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кечээ Ак Үйдүн алдынан кармалган жарандар ошол жерден эле коё берилип, төртөөсүнө профилактикалык маек жүргүзүлгөн", - деди мекеменин маалымат кызматынан.
Баткендеги Тажикстан менен болгон чек арадагы абалга нааразы болгон тургундар Ак Үйдүн алдында тынчтык митингин өткөрүүгө чогулушканда, күч органдары аларды таратуу аракетин көргөн.