"Өзүбүздүкүлөр өзүбүздү атып жатат" деген видео боюнча Баткен ОИИБи комментарий берди

Кыргыз-Тажик чек ара аймагындагы Ак-Сай айылынын жашоочулары тарабынан тартылган видео тарап жатат. Анда жашоочуларга кыргыз күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ок чыгарып жатышканы айтылат. Видеодон жарандардын буту, бели, колдору кан болгонун көрүүгө болот. Бул боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти.

"24-июлга караган түнү Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун атайын жыгачтар менен тосуп салышкан.

Болжол менен саат 11:45 чамасында Ак-Сай айылында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматын өтөп жаткан милиция кызматкерлери жол тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканда бир жаран КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын сүрүп айдап келип, жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.

Анын мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалык түрдө таш ыргытышып, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштардан 3 кызматкер жаракат алышты.
Ошол себептен милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттар колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды.

Азыркы учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу, жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда бул орун алган мыйзамсыз жагдайды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү тургундардын видеодо көрсөткөн жаракаттары бүгүнкүбү же мурункубу азырынча белгисиз".

Баткендеги Ак-Сай айылынын тургундары менен милиция ортосунда түшүнбөстүктөр чыкты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
u02u02
2019-07-24 14:28:47
Соз жок просто не дээринди деле билбейсин ачпагы ак сайлыктар биз селер менен
+11
Ka2sr1
2019-07-24 14:45:18
Топтошкон биздин депутаттар-элиталар кайда жүрөсүңөр. Раим уурулардын тоюна уялбай барат экенсиңер. Чек ара дегенде чимкиригиңер агып калдыбы. Бир эле министрди жумшап койбой, өзүңөр дагы келгиле. Эгер Раим матраимов уурулар ошол жакта той өткөзгөндө спикер баш болуп ошол жакта жүрмөк тойлоп. Сасыган биздин элиталар. Чек араны көргүлө. Кайсы арыңарга эл өкүлүсүңөр.
+25
Kairat1996
2019-07-24 15:17:11
Ka2sr1,Биздин элиталар тойго барып кошомат кылганды эле билишет. Ушундай кыйын учурда ирип кеткен айрандай болуп жүрүшөт, кийин сөзсүз бирөөнү "крайний" кылып чыгарып коесуңар.
+10
SweetLady
2019-07-24 14:45:42
Эл ошол чек ара койгойу тойгозгондон ошондой кадамга барып жатышат да. Менттер болсо эмне болсо эле байкуш карапайым элди куноолойсунор. Баргыла ошол анклавды тоскула элди аткылабай!
+11
bekmaral
2019-07-24 14:54:41
Тажиктер кыргызстандын жолун тоссо эшектин тезегин чечпейт.Кыргыздар тажиктин жолун тоссо оз элин атат.Атамбаевдин тарапташтары туура айткан экен соке чынында эле болбой калыптыр.
+15
NURSAPAR
2019-07-24 14:54:51
Не боевой менен атышат. Өздөрү араң жүрсө тияктан тажиктер бул жактан өзүбүздүкүлөр. Тойгозушту Сталина вам не хватает.
+12
bond02
2019-07-24 14:56:52
Курал бербесенер таш тогот да анан.
+12
katerina.li
2019-07-24 14:57:43
Биздикилерге ишенич жок. Атса атып деле салат
+9
Firdaus-Muslim
2019-07-24 15:00:20
Ушул Тажик Кыргыз маселесин биротоло чечсе болобу? Эгер чечсе болсо, чече турган адам барбы? Кимдин колунан келет деп ойлойсуңар?
+7
salimbek87.kg
2019-07-24 16:40:45
Firdaus-Muslim,Менимче Садыр Жапаров жана Адахан Мадумаров чечет башкасын билбедим
+7
Akylai_aktan
2019-07-24 18:12:53
Мындай темада эмоцияга алдырган болбойт,чек ара көйгөйү өтө назик маселе.Өзүм билдим болуп эле,шагыл төгүп,кыйкыра бербестен,тынчтык жолу менен чечилиши керек.Кудай сактасын калп патриот болом деп,граждандык согуш чыгып кетсе,кайра эле карапайым эл кыйналат.Экономика дагы аркага кетет.Өзүңөрдү кармагыла,бир жолун таап,күч менен эмес,акыл менен жерибизди коргоп калалы.
-2
jypar.ermatova
2019-07-24 18:35:39
Akylai_aktan,туура айтасын
-4
guli-1980
2019-07-24 18:45:31
Уялбай бугункубу же мурдагыбы деп жазгандан уялгылачы. Аксай эли уруштан чарчады. Оружия бербесе жок дегенде таш тогот. Бул видео бугунку болгон окуя. Жалган эмес.
+7
Blueaffair
2019-07-25 03:27:52
Бул бир кишинин планы
+1
JENTLEMAN
2019-07-25 03:30:58
Тияктан тажиктер, буяктан ХХХХХ тажатты жерлерди тарта беришип, же мактанган аша ХХХХХ чечип кетпеди чегара маселесин, же көзүн тостойтуп алып Соке кыйратып чечпеди, же тиги жеңиш раззаков деген ХХХХХ жоготроду, ал ХХХХХ фамилиясын булгап жүрөт, фамилясын өзгөртүп алса жакшы болмок. Күйөсүңда күйөсүң бул ары жок атка минерлерден((((
+1
Akyl78.1501
2019-07-25 06:25:02
Атамбаев айтмакчы чимкирик манка элиталар кайда журот
-2
senchi
2019-07-25 10:34:06
Сокени жөнөтүш керек, эл чогулайлы.
+2
KG.Kushtarbek
2019-07-25 13:54:48
Мадумаров керек Кыргыз елине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан