Интернет желесине Өзбекстандын ички иштер органынын кызматкеринин берилип бийлеген видеосу тарады. Өзбекстандын басылмалары андагы жигит Ташкент ШИИБинде патрулдук кызматта иштегендигин жазышууда.
Ташкент ШИИБинин маалыматына таянып жазылгандай, патрулдук кызматтын кызматкери мекеменин унаа токтотуучу жеринде унааны токтотуп коюп бийлеген. Музыка токтоп турган унаадан жаңырып жатат. Анын кесиптештери бул бийине кандай реакция кылышканы белгисиз.
Бирок коомчулуктан эч кандай негативдүү пикирлер жазылган эмес. Тескерисинче, "патрулдук кызматтан позитивдүү бий болуптур" дегендер көп болгону жазылат маалыматта.