Xiaomi бардык жагы экран болгон Mi Mix Alpha смартфонун чыгарды

Кытайдын Xiaomi компаниясы Apple менен Samsung'дан артта калбай жаңы, заманбап смартфондорун чыгарууну улантууда. Бүгүн, 24-сентябрда аталган компания дээрлик бардык жагы экран болгон жаңы Mi Mix Alpha смартфонун көргөздү.

Смартфондун дисплейи бардык тарабын камтып турат. Телефондун арт жагында гана камеранын модулдары жайгашкан. Капталдарында 5G тармагын кармаган жана кубаттоочу жери жайгашкан.

Компаниянын директору Лэй Цзүн Mi Mix Alpha аз өлчөмдө гана чыгарын айтты. Ушул жылдын декабрь айында каалоочулар 2800 долларга сатып ала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mamiev
2019-09-24 23:30:00
Бир машинанын акчасы. Колуңдан түшүп кетсе 2800 доллар жок болот. Ошол акчага беш уй алсаң бир эки жылда онго кобойот пайдасы дагы көп. Бирок акчасы көптөр ала берет
+7
Ali-han
2019-09-25 00:27:26
Кино көргөндө айлантып коросуңбу не?
+6
Musafir
2019-09-25 01:00:25
Норма бир машинанын акчасыго блин).
+2
Shabi
2019-09-25 02:03:55
10 15 жыл мурун кинодон коргон фантастикалар,жашоодо кадимки корунуш боло баштады го.15жыл мурун мындайды телевизордон фантастика кинодон кордук эле.
+3
Samatalibei
2019-09-25 07:56:01
Техниканын тездикте онукконун кара! Ушундай темпте кетсе эмне Болор экен тообо. Бул телефонду секрети коп адамдар колдоно албайтко,, Жашыруун жазышып жатса ар жактан корунуп калат турбайбы.
+4
shankol88
2019-09-25 13:39:53
Телефон жакшы екен
Коментари окуп биир күлүп аламда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан