АКШда Фейсбук социалдык тармагына каршы иликтөө башталды

Американын Юстиция министрлиги Фейсбук социалдык тармагына карата монополияга каршы иликтөө жүргүзүүнү көздөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иликтөөнү баштоого аталган социалдык тармактын айрым монополияга каршы мыйзамдарды бузганы себеп болгон. Ушул жылдын июль айында АКШнын соттук комитетинин палатасы санарип рыногунда текшерүүлөрдү баштарын айткан. Өз кезегинде америкалык маалымат каражаттары Facebook Amazon, Apple, жана Google сыяктуу технологиялык гиганттарга тиешелүү экенин жазган. “Мыйзам бузууларга каршы иликтөө Фейсбук тармагынан башталгандай, тийиштүү буйрукту АКШнын башкы прокурору Уильям Барр берди”, - деп жазылат маалыматта.

Эми Юстиция министрлиги Фейсбук тармагынын ар кайсы аспектилериндеги ишмердигин текшерүүгө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан