Кибер коопсуздугу боюнча адистер Инстаграм тиркемесиндеги алдамчылыктын жаңы түрүн таап чыгышты. Бул тууралуу "Naked Security" фирмасынын сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, алгач алдамчылар почтага кат жөнөтүшөт. Анда социалдык тармактагы баракча интеллектуалдык менчиктин укуктарын бузгандыктан, 24 саатка бекитилери айтылат. Аккаунттун жабылышына жол бербеш үчүн катта көрсөтүлгөн Copyright Objection Form шилтемеси аркылуу кириш керек экени эскертилет. Шилтемени басканда, колдонуучу жаңы баракчага жеке маалыматтарын киргизет. Колдонуучунун аты-жөнүн, туулган жылын, аккаунттун сыр сөзү менен электрондук дарегинин аталышын камтыган маалымат алдамчыларга жеткиликтүү болуп калат. Адистердин айтымында, мындай билдирүүлөр көбүнчө грамматикалык каталарга бай болот. Андыктан аталган тиркеменин колдонуучуларын сак болууга чакырат.