Ош шаарында бир тууган агасын өлтүрүп, ээн талаага алып барып өрттөп, көмүп салган деп шектелип, маркумдун 23 жаштагы иниси кармалды. Окуя 2018-жылдын сентябрь айында болгон. Бул окуяны көргөн күбө болгон эмес. Кыңыр иш жыл айланган соң билинип, шектүү кылмышты моюнуна алды.
“Бир убакта байкем 2 шише арак, пиво алып келди. Мени тургузуп, мээмди жеп, эзип, болбогон нерселерди айтып ура баштады. Желкеме отвёртка менен аёосуз сайгылады. Мен чыдабай каршылык көрсөткөндө экөөбүз урушуп кеттик. Аны кокустан өлтүрүп алдым”,- дейт кылмышка шектүү.
Окуянын чоо-жайын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№883, 3-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.