Ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтүн эки жылга Бишкек шаардык соту кыскартты. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 9-октябрда чыгарган.
30-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Азимкан Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.
Окуянын чоо-жайы:
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалап, 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган.
Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.
Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.