Жакында Инстаграмда "жакты" белгиси жоголушу мүмкүн. Программисттер АКШнын аймагында "жакты" белгиси жок тиркемени тестирлөөдө.
Учурдун популярдуу социалдык тармагына айланган Инстаграм "жакты" белгисин жашыруу алдында турганы апрель айында белгилүү болгон. Мобилдик тиркеменин эксперти Жейн Манчун Вонг социалдык тармак колдонуучулардын популярдуулугуна эмес, билдирүүнүн мазмунуна көңүл бурдурууну каалап жатканын айтат.
Жазында Канадада бир нече топко эксперимент жүргүзүп, "жакты" белгисин жашырып көрүшкөн. Андан кийин Ирландия, Италия, Япония, Бразилия, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү колдонуучулардын "жакты" белгисин жашырышкан. "Жакты" белгиси сырттагыларга көрүнбөгөнү менен, өзүнө көрүнүп турары маалым.
Канададагы тестирлөөдөн кийин "жакты" белгисин жашырган идея 34% колдонуучуга жагып, 35% жакпаганын билдирген. Ал эми 31% так жообун берген эмес.
Тестирлөө АКШга да жеткенин уккан жылдыздар өз пикирлерин билдиришүүдө. Инстаграмда 107 миллион катталуучусу бар ырчы Ники Минаж "жакты" белгисин алып салышса, эмки жумадан тартып социалдык баракчама эч нерсе чыгарбайм. Мунун мага эмне кереги бар?" деген нааразычылыгын айткан.
Ал эми Ким Кардашьян Уэст бул чечимди колдоорун айтып, колдонуучулардын ден соолугу үчүн чынында пайдалуу чечим экенини кошумчалаган.
Жакынкы күндө "жакты" белгисин көрсөтпөө идеясы ийгиликтүү ишке ашып, Кыргыз өлкөсүнө чейин жетсе, Инстаграмдагы "жакты" белгиси үчүн сүрөткө түшүп, кооз фотосессияларды жасаткан жылдыздардын жашоосу кандай болор экен?