Кечээ, 11-ноябрда Тажикстандын 25 жаштагы Алишер Косимов аттуу жаранын жергиликтүү аскер комиссариатынын кызматкерлери күчтөп армияга алып кетүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандын үйүнө дубалдан секирип кирип келген аскерлер үйдөн Косимовду таппай, ордуна армияда кызмат өтөп келген бир тууганын алып кеткени айтылат.
"Дарбаза жабык болгон. Ошондуктан комиссариаттын кызматкерлери дубалдан секиришкен. Аларды көрүп сыртта жүргөн балдар катуу коркуп калышкан. Бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес. "Армияга күчтөп алып кетүү аракеттери" көптөн бери уланып келе жатат. Энелердин кыйкырганына карабай, балдарын машинага күч колдонуп салып кеткен учурлар көп кездеше баштады. Мындай фактылар видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Тажикстанда 1-октябрда башталган аскерге чакыруу ноябрь айынын соңуна чейин уланат.