Нидерландылык 9 жаштагы вундеркинд Лоран Симонс бир нече айдан кийин Эйндховен Техникалык университетин аяктап, дипломду колго алат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кичинекей вундеркинд университетке бир жыл мурун тапшырган, учурда электротехника факультетин аяктоодо. 6 жылдык орто жана жогорку класстын программасын ал 1 жарым жылда окуп, былтыр жайында 8 жашында жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатты алган. Жайкы каникулдан кийин университетке тапшырып, программаны курсташтарынан мурун өздөштүрүп бүткөн.
Лорандын интеллект коэффициенти (IQ ) 145. Ал математика, алгебра, геометрия сабактарын жактырат. Келечекте кардиохирург болгусу келет. Мектепте окуган кезде Амстердам университетинин медициналык факультетинин курсун аяктаган. Лоран келечекте адамдардын өмүрүн узартуучу каражат ойлоп табууну кыялданат.