Инсультка кабылган адам. Өлүм менен күрөшүп, бодибилдерге айланды

Инсульт алып, майыптар арабасында отуруп калган Сингапурдун жашоочусу спорт менен машыгып, бодибилдер болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

2014-жылы 46 жаштагы Келлвин Лим жумушка чыгып баратып эсин жоготуп кулаган. Алгач тамаша деп ойлогон жубайы жолдошунун чындап эсин жоготконун түшүнгөндө "Тез жардам" чакырган. Ооруканадан Келлвинге инсульт болгонун айтышкан. Дарыгерлер анын жакындарына эгер операция ийгиликсиз болсо, каза болушу мүмкүндүгүн же шал болуп каларын эскертишкен. Өмүрүнө чоң коркунуч туулуп жатса да Лимдин үй-бүлөсү операцияга макул болушкан.

Операциядан соң Лимдин сол тарабы иштебей, майыптардын арабасында отуруп калат. Үй тиричилигинин түйшүгү жубайына жүктөлүп калганына кыжаалат болгон Келлвин жашоосун өзгөртүүнү ойлонот. "Үйдөн 300 метр алыстыкта кафе бар болчу. Мен ал жакка бара алчу эмесмин, анткени майыптар арабасы менен үйдөн чыгуу үчүн эле мага 15 мүнөт керектелчү. Мен депрессияга батып баштаганымды байкап жаттым", - дейт ал.

Ошентип балдарынын келечегин, жубайын ойлоп, өзүн колго алып, 2017-жылдан тартып атайын машыктыруучу жалдап, үзгүлтүксүз машыгып баштайт. Бассейнде сүзүп, зыян тамактардан баш тартат. Бир жыл ичинде 20 килограммга арыктайт. Ошентип спорттун жардамы менен өз алдынча баса баштайт. Ал эле эмес, 2018-жылы бодибилдинг боюнча өткөрүлгөн мелдеште 2-орунду багындырат.

Эркинин күчтүүлүгү менен ийгилик жараткан Келлвин Лим ар дайым "өзүңдөн башка эч ким сага жардам бере албайт" деп айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zhoro
2019-11-14 00:11:36
Аракетке берекет
+8
Bekturbek
2019-11-14 03:21:54
Өтө намыстуу инсан экен!
Бул сыпаттарды азыркы дени соо көпчүлүк эркектерден таппайсың! Тапсаңда биздикилер кур намыстуу.
+2
kirgizstan
2019-11-15 09:55:01
окшобойтко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан