Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына караштуу Нефтипром айылынан нефти чыгып, бүт жолду каптап жатат" деп жазды "Элдик кабар" рубрикасына Whats'App аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө.
Окурман: "Айылдын экологиясы бузулуп, эл зыян тартып жатат. Майлуу-Суунун мэри же башка өкүлдөрү келип кабар алышкан жок. Билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болуп отурушат", - деп жазган ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.