Жакын арада Кыргыз өлкөсүндө креативдүү программалоо боюнча олимпиада старт алат. Ал Орто Азия боюнча биринчи жолу өткөрүлүп, ага 1-7-класстын окуучулары катышары белгиленет. Баш байге – 200 000 сом.
Жакында боло турган иш-чара туурасында кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 20-ноябрь күнү саат 11:00дө маалымат жыйында айтылат.
Катышуучулар:
САНЖАР МАМАТОВ – "Code Generation" программалоо мектебинин башкы директору;
ЗАФАРБЕК СУЛАЙМАНОВ – "Good Solutions Group" маркетинг агенттигинин башкы директору;
Лейла Казакбаева – долбоордун менеджери.