Кыргыз улуттук университетинде ремонт. "Оңдоп-түзөө иштеринен улам аудиториялар суук, дааратканалар иштебей жатат" дейт нааразы болгон студент

Социалдык тармакка Кыргыз улуттук университетинде суук түшкөндө оңдоп-түзөө иштерин баштап алышып, дааратканалар иштебей же кыйраткан жылуулук жок үшүп-тоңуп жатышканын айтып, колдонуучу билдирүү калтырган. Анда "Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда учурда оңдоп-түзөө жүрүп жатканына байланыштуу дааратканалар иштебей жатат. Дүйшөмбү күнү жылуулук беришкен, бирок аудиториялар дагы деле суук. Жылуулукту калп эле иштеп жатат деген сөз үчүн эле беришти. Анткени батарейкалар араң эле жылып жатат. Биз курткачан (кээде кол капчан) отурабыз. Аудиториялардагы красканын жытын кетирип, таза аба киргизүү үчүн эшикти ачууга туура келет. Биз окуу үчүн 46 миң сомдон ашык төлөйбүз. Студент болобу, мугалимби, баары чекеден ооруп чыкты. Бардык кабаттарда даараткана иштебейт. Биз кайсы жакка барышыбыз керек? Жетекчиликке баары бир", - деген нааразычылык жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oscar
2019-11-21 14:46:34
Мындан да акча үнөмдөп жатат да
+2
katerina.li
2019-11-21 15:00:27
Суук тушкондо ремонт кучойт бизде
+1
tular
2019-11-22 01:24:02
Улуттук университетти Афганистан деп эле коюш керек, беспредел ал жакта, дипломдору подделка болгон чиновниктердин баардыгы дипломдорду ошол жактан сатып алышкан...
+1
katerina.li
2019-11-22 19:47:35
tular,эн туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан