Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүндө электромобил өндүргүсү келгендерди салыктан бошотуу сунушталууда

Кыргыз өлкөсүндө электромобил өндүрүүнү каалаган инвесторлорду салыктан толук бошотуу боюнча сунуш киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирип, мыйзам долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, депутат сырттан ташылып келген унаалардын 90 пайызы 10-15 жыл пайдалануудан кийин, өлкөгө кирип жатканын эскертти.

"Алар эски экологиялык стандарттар боюнча чыгарылган. Анын үстүнө "Кыргыз өлкөсүндө жеке пайдалануудагы автоунааларды техникалык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өткөрүү", - деген талап жоюлган. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоору колдоо тапса, сырттан ташылып келген жана Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлө турган электромобилдерге, кубат берүүчү станцияларга жана алардын тетиктерине салык жактан жеңилдиктер берилиши зарыл болот. Бул жарандарыбызга электромобил сатып алууга стимул болуп, атмосферанын булганышын азайтат", - деген Нурбаев.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kanat.tls
2019-11-22 14:12:51
Эң сонун идея. Ушундай пайдалуу иштер коп болсун.
+6
Mambetali
2019-11-22 15:04:24
Мен толлук колдойм Кыргыз мамлекетинин жараны катары... Бизде Кудага шугур Электр энергиясы жетиштуу... Буйруса сатып алып айдайбизда бензин куйуп олтурбай...
+3
bekbol2006
2019-11-22 15:42:05
Эн туура. Сонун болмок
+2
tynar92kg
2019-11-22 16:18:32
Жакшы демилге
+1
mirkaa5182
2019-11-22 20:55:44
Жакшы болот эле, капчыкка, экология пайдалуу болмок.
+1
suban78
2019-11-23 10:14:31
Салыктан бошотуп, керек болсо адамдар бир кун барып имараттарын куруп жатканда бекерге жардам берип да коюш керек. Илгери Японияда ушундай корунуштор коп болгон. Патриоттук сезим менен барып жардам беришкен. Бекерге. Ауу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан