«Супер тандоонун» «Жылдын супер дебюту» номинациясына талапкер, обончу, аткаруучу, актёр Төлөгөн Мамыров “Жубайыма” аттуу ырына тартылган клибинин бет ачарын өткөрөт. Бул өзгөчөлөнгөн клип мырзаларды “аялзатын барктоого” чакырат. Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 25-ноябрь күнү саат 11:00дө маалымат жыйында.
Катышуучулар:
Төлөгөн Мамыров - обончу, аткаруучу, актёр;
Эркин Эген - режиссёр;
Бекзат Маманов - клипмейкер;
Таирбек Эрматов - ырдын автору.