Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, маданияттын эмгек сиңирген ишмери жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Таалайбек Усубалиев Казакстандын II даражадагы “Достық” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ордендер Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Республика күнүнө карата берилген.
“Достық” ордени элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат.