Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын айланасы курчоого алынды. Анда жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Учурда ыкчам кызматтар имаратты жана анын айланасын текшерип жатышат.