Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды.
68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан балбан финалда Кытайдын өкүлү Жиа Лонг менен беттешип 4-3 эсебинде жеңилди.
Мээрим Жуманазарова финалга чейинки беттештерде ишенимдүү жеңиштерге жетишти. Ал 1/8 финалда индиялык Сришти Сриштини 5:1 эсебинде, чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде жеңди.
Жарым финалда монголиялык Энхсайхан Дэлгэрмааны 5:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.