УКМК тарабынан Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Елисеевдин 120 миллион сомдук акчаны мамлекеттен чыгарып кетүү аракети болгон. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдирет.
Экономика министрлиги Елисеевге таандык "Кристалл" мекемесин текшеришкенде 120 миллион сомду мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып кетүү аракети болгон. "Бул факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул каражаттын 67 миллион сому мамлекетке кайтарылган, калган сумма боюнча кайтаруу аракети жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.