Чүй облусунда айланма жолдордо жаңы эрежелер колдонулуп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жаңы эрежелер өкмөттүн токтомунун негизинде киргизилди. Эми унаанын айдоочулары айланма жолдогу транспорттук унааларга жол бошотуп берүүсү керек. Анда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Токмоктогу айланма жолунда, ГЭС-5 аймагындагы айланма жолдо жана Маевка айылындагы айланма жолдо жол кыймылы өзгөрдү.
Ошондой эле жакын арада Кара-Балта шаарына кире бериштеги айланма жолдо жаңы эреже иштеп баштайт.