24-ноябрда Айэркен Саймаитиге байланыштуу кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, Айэркен Саймаитиге байланыштуу иликтөө материалынын негизинде, Генералдык прокуратура тарабынан, 22-ноябрда сотко чейинки өндүрүш иши катталган.
"УКМКга тапшырылган материалдарда Саймаитинин маеги жана анын Матраимов менен болгон байланышы көрсөтүлгөн. Бул материалдар "адамдын өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачууга негиз болду. УКМКнын маалыматы боюнча Айэркен Саймаитиге буга чейин бир нече жолу коркутуулар болгон. Ошондуктан ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул маалымат менен "Азаттык" тараткан маалымат бир өндүрүшкө бириктирилди", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, журналисттик иликтөөгө байланыштуу ведомстволор аралык тергөө тобу (УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы) түзүлдү. Учурда тергөө иши башталды.
21-ноябрда "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. Анда Кыргыз өлкөсүнүн бажы кызматындагы коррупция тууралуу баяндалган.