Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Депутат Өмүрбек Бакиров кайсы тарап кайсы журналисттерди жалдаганын сурады.
УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулунун айтымында, күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча, Саймаити "Азаттыктын" журналисттерине кайрылган. "Журналисттердин ортосунда акча алуу болгон. "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар акча берилген", - дейт ал.
Депутат күбөлөрдүн видеосун бир сааттын ичинде алып келүүнү сунуштады. Жыйынтыгында УКМКнын өкүлдөрү күбөлөрдүн видеосун саат 18:10до алып келмей болушту.